Бакыт Сейитов: Митингди уюштуруучулар тартип бузуулар үчүн жооп берет

1 410

“Бүгүнкү митингдин максаты тынч эмес экенин жалпы эл көрдү” дейт ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

Митингден соң массалык бейбаштык фактысы орун алганын жана мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

“Ар кандай провакациялык билдирүүлөр болду. Бийликти басып алуу чакырыктары дагы орун алды. Милиция тарапка таш ыргытышып, жолдогу унааларды талкалашты”,- дейт Сейитов.

Митингге катышкан жарандардын саны 800 кишинин тегерегинде болду.

Митингдин башталышында аны өткөрүүнүн тартиби жана жол-жобосу сакталып ирээти менен келе жаткан. Бирок, бир эки сааттан кийин модераторлор митингди башкара албай калышты. Уюштуруучулардын тарайлы деген сунуштарын эч ким укпай калышты”,- деп билдирет ИИМден. 

Ички иштер министрлиги мыйзамды бузгандарга, чагымчыл аракеттерди жасооого аракеттенгендерге, коомдук тартипти бузгандарга жана тынч митингдин талаптарын бузгандарга карата мыйзам чегинде чараларды көрөт.

Митингчилерди кууп таратуу маалында 30дан ашуун жаран кармалганын жергиликтүү басылмалар жазууда.

Опубликовано Нуркыз Бакасовой Понедельник, 2 марта 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь