Иранда коронавирус жуктуруп жаткандардын ооруканасын өрттөөгө аракет кылышты (видео)

281
Ирандын Бендер-Аббас шаарынын жашоочулары бир нече адам коронавирус менен жаткырылган оорукананы өрттөөгө аракет кылышты.
Чет элдик басылмалар жарыялаган маалыматта, медициналык мекеменин администрациясы жана андагы бейтаптар коронавирус жуктургандарды карантинге жаткырарын билишкен эмес. Мындан улам лардын макулдугу жок оору жуктургандарды ооруканага жаткырылганына нааразы болушкан.
Окуянын видеосу 29-февралда Iran International телеканалынын Twitter-аккаунтуна жарыяланды.

Бирок Медицина университетинин өкүлү Хормозгана Фатима Норузян коронавирус жуктургандар Бендер-Аббас шаарына жаткырылды деген маалыматты төгүндөгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь