Коррупциялык схема түзгөн эки чет элдик жаран кармалды. Алардан 250 миң доллар табылды (сүрөт)

169

Туруктуу коррупциялык схема түзгөн Молдова Республикасынын Ш.О. жана Б.Г. аттуу эки жараны кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

Алар 2013-жылдан бери Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлери менен макулдашып алып, соода уюмунун жеке операторунун атынан почта кызматын жамынып Тажикстандан жана Казакстандан ташылып келинген тамеки заттарын АКШ, Канада жана Батыш Европа мамлекеттерине тиешелүү салыктарды төлөбөстөн жөнөтүү максатында туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн.

Мындан тышкары, аталган чет элдик жарандар КР почта операторунун статусун колдонуп, Кытайдан түздөн-түз башка мамлекеттерге товарларды мыйзамсыз жөнөтүү каналын түзүшкөн. Бул Кыргызстан мүчө болгон Дүйнөлүк почта биримдигинин эрежелерин бузуу болуп саналат.

Аталган ишкананын иш бөлмөлөрүн жана кампасын тинтүү учурунда жалпы суммасы 6 млн сомду түзгөн КР акциздик маркасы жок тамеки заттары жана ошондой эле 250 миң АКШ доллары, 620 миң сом өлчөмүндө накталай акчалар табылган.

Мындан тышкары банктык эсептерде 400 миң АКШ долларынан ашык каражат аныкталды. Аны менен бирге 2018-жылдагы бир жылдык киреше 240 млн сомго барабар болгон.

Кармалгандар УКМКнын Тергөө камаак жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь