Митингге чыккандар спецназдарга таш ыргытышты. Элди суу менен сүрүп чыгышууда

1 302

Бишкекте Садыр Жапаровду колдоого чыккан элдин тобу Ак үйдү көздөй бет алышты. Аларды токтотуу үчүн алдынан күч органдары чыгышты. Милиция кызматкерлери жана атайын куралчандар Ак үйдү курчоого алып турат.

Жаалданган эл спецназдарга карата таш ыргытып, аларга күч кызматкерлери суу чачып токтотууга аракет кылып жатышат.

Көздөн жаш агызуучу газ чачылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери чогулган элди аянттан сүрүп чыгышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров митингге чогулгандарды тарап кетүүгө чакырган. Бирок айрым топ буга макул болбой, түнгө чейин турарын билдиришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь