Садыр Жапаровду колдоо митингинде түшүнбөстүк орун алды (ВИДЕО)

475

Бүгүн 2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүдө. Жүздөгөн адам катышкан митингде түшүнбөстүктөр орун алды.

Топтолгон элдин арасынан чагымчыл делген жарандар сүрүлүп чыгып, алар менен өзүнчө сүйлөшүү үчүн уюштуруучу тарап алып кетти.

Ал эми айрым маалыматтарда “гей парад” деп жазып алган жаранды чогулгандар кууп жиберишкен.

Белгилей кетсек, жүздөгөн адам катышкан митингде камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун боштондугу талап кылынууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь