Эки жигит энеден туума жылаңачтанып шаар аралап басышты (видео)

913

Өзбекстандын Самарканд шаарында 2 жигит көчөдө энеден туума жылаңач басышкан. Белгилүү болгондой алар 5 миллион сум үчүн(530 доллардай) кийимдерин чечип шаар аралашкан.

Бул көрүнүш жолдогу айдоочулардын кыжырын келтирген. Эки жигит таксиге келип отурганда, нааразы болгон жарандар аларды жазалашты.

Облустук ичк иштер башкармалыгынан түшүндүргөндөй, 29-февралда саат 23:00дөр чамасында эки кишинин жлаңач жүргөнү тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.

Самарканд ШИИБи аларды кармап, коомдук жайда өздөрүн туура эмес алып жүргөндөр 44 жаштагы Ж.Н. жана 28 жаштагы А.Т. экенин аныктады. Аларды унаасы менен коштоп бара жаткан 41 жаштагы Х.Д. дагы кармалды.

Кармалгандар мелдеше кетишип, аябай мас болуп калгандыктан эмне кылып жатканын билбей калгандарын айтышкан.

Бул факт боюнча административдик протокол толтурулуп, “майда бейбаштык” беренеси менен жоопкерчиликке тартылышты.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь