Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү соттогу “жылмайыңкы” сүрөтү (сүрөт)

1 039

Бүгүн 3-мартта Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга катышты. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш ишинин баштапкы угуулары башталды. Ал жабык эшик артында каралып, журналисттердин кирүүсүнө уруксат берилген жок.

“Мыйзам боюнча баштапкы угуулар жабык өтөт. Учурда жактоочу тараптын өтүнүчтөрү каралууда. Баштапкы угуулар эртең саат 10:00дө улантылат”, – деди мамлекеттик айыптоочулар тобунун башчысы Темирбек Бекмаматов

Анын айтымында, иштин материалдары 88 томдон турат. Айып актысынын өзү 2 том турат.

Атамбаев сотто эч кандай билдирүү да жасабаганын КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь