Бишкекте базарлар жана коомдук транспорттор дезинфекцияланууда

308

Бишкек шаарында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери баардык коомдук транспортторун текшерүүдө. Маалыматка ылайык, баардык транспорттук мекемелерге сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана ошондой эле коронавирустун алдын алуу максатында санитардык-эпидемологиялык иш-чараларды күчөтүү тууралуу тапшырмалар берилген.

Күнүнө 1 миң 700дөн ашуун айдоочу жолго чыгат. Жолго чыгуунун алдында айдоочулардын текшерүү үчүн 29 наркологиялык пунктар иш жүргүзүшүүдө. Ал жерде күнүгө каттамга чыгуунун алдында айдоочулардын дене табы, унаадагы медициналык баштыкчасы жана унаанын санитардык-эпидемиологиялык абалы текшерилип, атайын китепчеге катталат.

Ошондой эле «Ош» жана «Аламүдүн» базарларындагы бир катар павильондорду, соода түйүндөрүн, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын аймагын, №5 мончосун коронавируска каршы дезинфекциядан өткөрдү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь