Бишкекте дааратканадан табылган кызды асырап алышты

947

Бишкектеги жаңы конуштардын биринде дааратканадан табылган кызды асырап алышты. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Назгүл Чолумова билдирди.

“Бүгүнкү күндө наристе Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан асырап алынды. Кыз көп убакытка чейин дарыланды. Азыр анын абалы туруктуу. Баланы багып ала турчу үй-бүлө табылды”, -деп билдирди.

Белгилей кетсек, кызды аман алып калган аял өзү багып алууга аракет кылган. Бирок мамлекеттик органдар ага берүүдөн баш тартып койгон болчу.

“Ошол аял багып алдыбы же жок мен аны айта албайм. Бирок жаран баланы сактап калып, аны тарбиялагысы келген күндө дагы ал белгилүү процедуралардан өтүүсү шарт. Эгер анын ден-соолугу, үйдөгү шарты, кирешеси туура келсе үй-бүлөсүнө кабыл алууга мүмкүн болот. Кандайдыр бир параметрлер жобого туура келбесе, биз баш тартууга аргасызбыз”,– деп түшүндүрдү Чолумова.

Эске салсак, 2017-жылы июль айында салмагы 3396 граммды түзгөн жаңы төрөлгөн ымыркай дааратканадан табылган. Ал дароо ооруканага жаткырылып, энесине кылмыш иши козголгон. Баланы таштап кеткен эне кармалган.

Булак: Кактус.медиа

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь