Жапаровдун агасы кое берилди, К.Осмоналиев камакка алынды

407

Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров УКМКдан кое берилип, Каныбек Осмоналиев тергөө изоляторуна киргизилди.

Бүгүн 3-мартта УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев жана митингдин активдүү катышуучусу “Д.А”, кармалган.

Кармалгандар КР Кылмыш-жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү” беренеси боюнча кылмышка шектүү катары УКМКнын Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, алардын баш коргоо чарасы каралат.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь