Жапаровду колдоо митингинен 19 милиция жабыркады

250

2-мартта митингден кийин Бишкек шаарынын медициналык мекемесине 22 адам жардам сурап кайрылган. Алардын үчөө жай тургундар болсо, 19у күч структурасынын кызматкерлери экенин саламаттык сактоо министрлигинен Элдик медиага билдирди.

21 жаран алгачкы медициналык жардам алган соң, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Бардыгынын абалы канааттандырарлык экени айтылат.

Ал эми бир милиция кызматкеринин баш мээси чайкалып, моюн жүлүнү чоюлгандыктан Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь