Камчыбек Ташиев: Кечээки митингди башынан эле колдогон эмесмин

1 137

Саясатчы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып, 2-мартта ызы-чуу менен аяктаган митингди башынан эле колдобогонун билдирди.

Мен, 2-марттагы митингди башынан эле колдоп жардам берген жокмун. Саясий иштериме байланыштуу үч күндөн бери башка оймакта жүрөм, шаарда жокмун. Митинг боюнча бир дагы адам менен сүйлөшкөн эмесмин. Менин атым аралашып тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Анан калса президентти кууйбуз, бийликти басып алабыз деген аракеттерди эч качан колдобойм”- дейт Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, 2-мартта Садыр Жапаровдун миӊден ашык тарапташы Ала-Тоо аянтына митинг уюштурду. Алар, кечке маал Ак үйгө карата жүрүш жасап, тоскоол болгон милиция кызматкерлерине таш ыргытып, мыйзамсыз аракеттерге барышты. Жыйынтыгында чогулгандар күч менен таратылды. Уюштурган мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына камалды.

Булак: “Коом.пресс”

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь