Коронавирустан чоочулаган министр канцлер Меркелге колун сунбай койду (ВИДЕО)

274
Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер өлкөнүн канцлери Ангела Меркель менен кол алып учурашпай койду. Меркель саламдашууга колун сунганда министр коронавирустан улам чочулап жоопко колун сунган эмес.
Канцлер муну тамаша катары кабыл алып, эки колун көтөрүп Зеехоферге көрсөткөндө экөө тең күлүштү.
Немис басылмалары жазган маалыматта Хорст Зеехофер жакында эле коронавируска байланыштуу кол берип учурашуудан баш тартуу чечимин жарыялаган.
Белгилей кетсек, Германияда коронавирус жуктурган 150 учур катталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь