Массалык башаламандыктарга жол берген 166 жаран милицияга жеткирилген

353

2-марттагы митингдин айынан массалык башаламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген. Алардын 162 менен тактоо аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң койо берилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды. Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь