Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду

1 066

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик туубуз — эгемен мамлекетибиздин атрибуттарынын бири, ар бирибиздин мекенге болгон атуулдук сезимибизди  чагылдырып турган символ.

Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган.

Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел.

Биздин сыймыгыбыз болгон кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!

Сиздерге ден соолук, бакты-тааалай, ийгиликтерди каалайм.

Жараткан Кудай сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!»

Комментарии

  1. Кече Элге чыгып ушу создуу айтсанг болот эле бугун кээч болуп калды.Элдин укуугунна чычып койдук озунгдуун чыныгы бетинг ачылды.Ким кимэкенин далил болдуу

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь