Аксыда контрабандалык жол менен ташылып бараткан спирттик ичимдиктер аныкталды (сүрөт)

317

28-февраль күнү Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын опер кызматкери тарабынан маалымат алынып, андагы маалыматта белгисиз жаран контрабандалык жол менен коңшу Өзбекстан мамлекетине жүк өткөрүү максатында чек арага жакын аймакта тургандыгы билдирилген.

Аталган маалыматтын негизинде Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында Аксы районунун тургуну 1990-ж.т. Б.А. кармалып, ак түстөгү “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаасындагы бир нече коробкалар далил буюм катары алынган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Аксы РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 223-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Б.А.нын автоунаасы Аксы РИИБнин короосуна киргизилип, төмөнкү буюмдар алынган:

  • Бишкек коньягы – 0.5 л. 7 даана
  • С серебром арагы – 1 л. 9 даана
  • С серебром арагы – 0.5 л. 46 даана
  • Градусник арагы – 0.5 л. 49 даана
  • 113 коробка конфет
  • 1150 даана ДБК үлгүсүндөгү оюн карталары.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь