Бишкекте Lexus токтоп турган 3 унааны сүзүп, айдоочусу ошол жерден каза болду

367

Бүгүн 4-мартка карган түнү саат 04.10 чамасында Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жол кырсыгы катталган.

Маалыматка ылайык, Lexus LX 470 үлгүсүндөгү унаанын 1953-жылы туулган айдоочусу рулду башкара албай токтоп турган үч унааны – Toyota Land Cruiser, Honda Stepwgn жана Audiни, андан соң бакты сүзгөн.

Жыйынтыгында жолтандабастын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь