Жалал-Абадда үрөй учурган жол кырсыктан 7 адам каза болду

541

4-март күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында (Бүргөндү айылы) “Мерседес-Вито” жана “Хонда-Жаз” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. 

Жол кырсыктын кесепетинен жалпы 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркады деп билдирет өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Жабыркаган жарандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон адамдардын жансыз денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

ӨКМден 4 куткаруучу, тез жардам жана ИИМ кызматкерлери тартылып, куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына, каза болгон жарандардын жансыз денелерин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь