Жалдагы аёосуз сабаган ага-ини эркиндикке чыктыбы? ИИМдин жообу

1 242

“Жал” кичи районунда аёосуз сабоо фактысы боюнча тергөө аягына чыгып калды. Жакын арада сотко өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Элдик медиага ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Ички иштер министрлигинен белгилегендей, шектүүлөр Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков азыр СИЗО-1де кармалып турат. Алар “адам өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси менен айыпталууда. 

Буга чейин жарандык активист Адиль Турдукулов кылмышка шектүүлөр милициянын коргоосунан улам эркиндикке чыккандарын жазган. Бул маалыматты ички иштер министрлигинен төгүндөдү.

Бул окуя боюнча жарандык активисттер Президент, Башкы прокурор жана УКМКнын төрагасына кат жолдошту.

“Аёосуз сабаган ага-ини соттук медициналык экспертизаны сатып алып, бурмалап чыгып кетүүсү мүмкүн болуп жатат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча үй камагына чыккан шектүүлөрдүн милициядагы агасы Казыбек Бапышов азыр эркиндикке чыгып кеткен”, -дейт арыз жазган жарандык активисттердин бири Мелис Аспеков.

Эске салсак, 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде эркек кишилердин ортосунда мушташ чыккан. Натыйжада катышуучулардын бири комага түшүп, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь