Жунхай базарынан жоголгон 7 жашар бала табылды

252

Жунхай базарынан жоголуп кеткен 7 жашар бала табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-мартта Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Бишкектин М.Д. аттуу тургуну кайрылып, ал Жунхай базарынан жоголуп кеткен 2013-жылы туулган баласын табууга көмөктөшүүнү суранган.

Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жоголгон бала Орозбеков-Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, ата-энесине өткөрүп берилген.

Өз кезегинде баланын ата-энеси милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь