Медколледжде баа коюу үчүн студенттер менен соодалашкан мугалим иштен кетти (ВИДЕО)

2 617

Бишкек медициналык колледжинде 40 жылдан бери иштеген мугалим иштен кетти.

Кечээ социалдык тармактарда мугалим зачет үчүн студенттерден 400 сом талап кылган видео тараган. Видеодо студенттер 400 сомду түшүрүүнү макулдашып жатышат. Мугалим болсо 400 сомдун ичинде төрт сабак бар экенин, ар бир сабак 100 сомдон айланат деп жооп берген. Эгер сутденттер буга макул эмес болсо сабакка даярданып сынак тапшыруусун белгилеген.

Белгилүү болгондой колледждин мугалими 81 жашта. Анын сабагы биринчи семестрга киргендиктен, видео өткөн жылы тартылган болот.

Видео тарап кеткен окуядан кийин колледждин коррупцияга каршы комитети мугалимден түшүндүрмө алып, ал өз каалоосу менен иштен кетүү боюнча арыз жазган.

Билим берүү министрлигинен билдиргендей, студенттер жана мугалимдер менен түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Анткени видеодо мугалимди чагымчылдыкка (пара алуу боюнча) түртүшкөн дейт.

Комментарии

  1. Она не говорила за зачёт ….Может за пропуски ?
    А студенты попадут ещё и как бы люди потом не попали из-за неграмотных лжестудентов!!

  2. Эшектин жүгү жеңил болсо жатак болот дегендей сабакка келбейт да, суроо берсеңиз билбейбиз деп жатат, атайын мугалимди чагымчылдыкка түртүшүптүр, уяты жок азыркы жаштардын

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь