Патрулдук милициянын кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу кармалды (сүрөт)

253

Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен шектүүнү кармашты.

3-мартта саат 14:00дөр чамасында Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишинен айдоочу 1980-жылы туулган Патрулдук милициянын кызматкерин сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада жабырлануучу травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна кайрылган.

Ыкчам издөө иш-чарасынын натыйжасында «Лексус GX 470» унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган О.А. кармалды.

Шектүү Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына өткөрүп берилип, иликтөө иши уланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь