“Велосипеддерди паркта иштетчүбүз” деп алдап, уурдалган велосипеддерди арзан саткан (сүрөт)

267
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан Ош шаарынын Алай көчөсүнүн соода түйүндөрүнүн биринен «Самсунг» жана «Хонор» үлгүсүндөгү мобилдик телдефондорду уурдоого шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган тургуну А.А. кармалган. Ал өткөн жылдын декабрь айында гана жаза өтөө мекемесинен бошоп келген экен.
Кылмышка шектүүнү кармоо учурунда анын жашаган жеринен уурдалган 11 велосипед табылган. Кылмышка шектүү А.А. бул велосипеддерди шаардын ар кайсы райондорунан уурдап, айрымдарын сатып жибергендигин моюнуна алган. Шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык Ош шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринен дагы үч велосипед алынды. Кылмышка шектүү бул велосипеддерди аталган көп кабаттуу үйдүн алдына алып барып, «бул биздин велосипеддер. Паркта арендага берчүбүз. Бизнесибизди жаап тез арада Россияга кетип бара жатабыз» деп жалган маалыматтар менен өз баасынан арзан сатып жиберишкен.
Учурда кылмышка шектүү А.А. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Уурулук беренеси боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь