Жапонияда коронавирус чыкты делген кемедеги кыргызстандык үйүнө кое берилди

222

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу түзүлгөн атайын штаб «Diamond Princess» круиздик кемесиндеги кыргызстандыкка өз учурунда медициналык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

1-мартта кыргыз жараны, «Diamond Princess» круиздик кемесинин экипаж мүчөсү жапон госпиталынан чыгарылып, Токио шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаштырылган. Учурда ал Токио шаарында эркин жүрөт. “Diamond Princess” кемесиндеги кыргызстандыктан экинчи жолу анализ алганда, анда коронавирус жок экени аныкталган.

Кыргыз жараны оор илдетке кабылганын Тышкы иштер министрлиги Жапониянын расмий маалыматына таянып, 28-февралда кабарлаган.

Жапониянын жээгине келген «Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тарта вирустун айынан карантинге алынган. Кемеде 3000ден ашуун киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь