Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөргөн аял кармалды

752

Кечээ 4-мартта Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөргөн аял кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлады.

Бишкекте 2-март күнү Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана өтүп бара жаткан жарандарга маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуу менен башка белгисиз аялдар менен кошо кол салган аял кишинин өздүгү такталып, ал 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран Бишкек ШИИББге жеткирилди”, – деп айтылат маалыматта.

Башында, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык баш аламандык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Андан сырткары бейбаштык аракеттери менен эч себепсиз мазактап, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп кол салышкан белгисиз аялдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү үчүн арыз менен Жогорку Кеңештин кызматкерлери дагы кайрылган.

Азыркы учурда жаран Ч.Н. карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмекчи, тактап айтканда беренени квалификациялоо каралат.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь