Каныбек Осмоналиев: Митингде провокация болду. Бийликти басып алуу аракети болгон эмес

478

Садыр Жапаровду коргоо кыймылынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө жайына камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов 4-марттан 5-мартка караган түнү чыгарды. Осмоналиев “Азаттыктын” кабарчысына “митингде провокация болду. Бийликти басып алуу аракети болгон эмес” деп билдирген.

Буга чейин ушул эле соттун чечими менен Жапаровду коргоо кыймылынын Каракол шаардык штабынын башчысы Анара Дубанбаева да 3-майга чейин тергөө абагына камалды. Бул эки жаран “бийликти басып алууга аракеттенген” деген шек менен 2-марттагы митингден кийин кармалып, УКМКнын тергөө жайына киргизилген. Аларга Кылмыш кодексинин 39-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») негизинде доо коюлду.

Кылмышка шектүүлөрдүн адвокаты Шарабидин Токтосунов Осмоналиев менен Дубанбаева “негизсиз камалды” деп, Бишкек шаардык сотуна кайрыларын билдирди:

Анара Дубанбаева болгону Караколдо штаб жетектеген экен. Эч кимди үгүттөгөн эмес. 200 кишини бул жакка жөнөткөн деген шылтоо болуп атат. Каныбек Осмоналиев экөөнүн тең аракеттеринде мыйзам бузуу жок.

Булак: “Азаттык”

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь