Сабыр Жапаров: “Садыр менен сүйлөштүм, ызы-чууга жол бербегиле деп жатат” (ВИДЕО)

687

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров тарапташтарына видеокайрылуу жасады. Ал митингде колдогондорго ыраазычылыгын билдирип, бирок мындан ары башаламандыкка жол бербөөгө чакырды.

“Биз койгон талаптар боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. 2-март күну болуп кеткен башаламандыктан өзүбүздү сактайлы жана ага жол бербейли. Мамлекетке тынчтык керек. Садыр менен дагы сүйлөшүп, ал “мындай нерсеге жол бербегиле, ызы-чуунун кереги” жок деп белгилеп кетти. Ал кайрылуусун мага айтты. Садыр Жапаровдун боштондугун мындай жол менен эмес, мыйзам жолу менен чечели”,– деп кайрылды Жапаров.

Ошону менен катар чагымчыл күчтөрдүн куралу болбойлу деди:

«Бизди чагымчыл күчтөр колдонуп кетпесин. Мага келген маалыматтар боюнча, бизди курал катары колдонобуз деген ойлору бар экен. Кайрадан башаламандыкка жол бербейли».

 

Абактагы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жолдоду. Кайрылуусунда ал элибизди ынтымакка, биримдикке үндөгөн

Абактагы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жолдоду. Кайрылуусунда ал элибизди ынтымакка, биримдикке үндөгөн

Опубликовано Багыт Среда, 4 марта 2020 г.

Комментарии

  1. Каныбек осмоналиевди каматып коюп түштөн кийин не актанасын. Мам. Чыгымдарды ордун толтургула давай

  2. Кыргызстанда мыйзам иштебейт,биз 7жылдан бери журобуз,бийлике таш ыргыткан жарашат,сабыр байке Колдуктордун намысы кайда кеткен.2005жылдан баштап -2020жылга чейин Колдукторду Бакиев-Отунбаева-Атамбаев-Жээнбековтор чморитетип жатат,эмне намыс эркектик каяка кети байке,бизде мыйзам иштебейт иштеген дагы эмес Кыргызстан-Мыркыстан болуп калган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь