Сот Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салды

217

Бишкектин Биринчи май райондук соту Биринчи май районунун акимиатынын чечимин мыйзамдуу деп таап, 2020-жылдын 4-мартынан 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды.

Акимиаттын чечиминде айтылгандай, ар түрдүү уюмдардан жана жарандардан борбордук көчөлөргө, мамлекеттик имараттардын, муниципалдык мекемелердин алдына жана аянтта тынчтык митингин өткөрүү боюнча кайрылуулар келип түшөт.

“Бул шаардын жашоо-тиричилик ыргагынын туруктуулугуна кедергисин тийгизет. Тажрыйбада көрсөтүп тургандай, көп эл катышкан жыйындардын уюштуруучулары жана лидерлери процессти көзөмөлдөй албай калып, натыйжада массалык башаламандыкка алып келүүдө. Мындан улам тыгындар пайда болуп, транспорттордун кыймылына тоскоолдук жаралат”, – деп жазылат документте.

Митингди өткөрбөөнүн дагы бир себебин коронавирус кырдаалына байланыштырды.

“Жарандарга эл көп топтошкон жерден качуу сунушталат, көп адам чогулган иш-чараларды өткөрүү кыскартылууда”

Бүгүн 5-мартта Биринчи май райондук акимиаты сотко кайрылган болчу.

 

Комментарии

  1. Ошол мыйзам үстүндө иштеп аткан соттор мыйзамдуу чечимдерди чыгарып атабы? Ал бетте жок!!! Эгер С. Жапаровго карата мыйзамдуу чечимдерди чыгарганда мындай көйгөйлөр жаралмак эмес!!!

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь