Бишкекте эркек киши аялын жана уулун бычактап, өзүн асып салды

896

Бишкек шаарынын 5-кичи районунда эркек киши аялына бычак сайып, 9 жаштагы баласын бычак менен жарадар кылып өзү асынып алды.

Маалыматка ылайык, бала аман калган, бирок оор абалда ооруканада жатат.

Октябрь райондук милициясы бул малыматты тастыктап, саат 12:00дөр чамасында билдирүү түшкөнүн билдирди. Үй-бүлөлүк чырдан улам, күйөөсү аялына жана уулуна бычак сайган.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин ыкчам-тергөө тобу барып, батирдин ичинен бычакталган аялдын денесин жана ваннада асынып турган эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Тез жардам кызматы баланы №3 шаардык балдар оорукнасына алып кетишкен.

Учурда Бишкек ШИИББнин жетекчилиги каргашалуу окуя болгон жерге барды.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь