Маршрутканы сүзгөндө ичиндеги жүргүнчү ыргып кетти. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

1 379

Кечээ 5-мартта Бишкекте Бөкөнбаев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде №214 маршруттук такси жеңил унаа менен сүзүшкөн. Бул учур сырттагы видеобайкоого түшүп калган.

Анда көрүнүп тургандай жолтандабас жогорку ылдамдыкта келип, эл ташып бара жаткан маршрутканы капталдан сүзгөн. Ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бири ыргып кеткени кадрда көрүнүп турат. Кырсыктын натыйжасында төрт адам жабыркаганы кечээ маалымдалган.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь