Митинг учурунда “Өлкө башчыны тааныбайм” деген Ак үйдүн кызматкери үн катты

4 762

Садыр Жапаровду бошотуу митинги учурунда, аялдар Ак үйдүн кызматкерлерине кол салып Сооронбай Жээнбековду таап кел ,- дегенде тааныбайм аны”,— деп жооп берген кызмат адамы социалдык баракчасына төмөндөгүлөрдү жазып чыкты:

«Урматтуу мекендештер! Менин сиздерге кайрылуумдун себеби, соңку күндөрдөгү өлкөбүздө болуп өткөн окуя… Себеби, унчукпай коюууга, көңүл бөлбөй өз ишимди кыла берүүгө ар бириңиздердин айткан ой пикириңиздер жол берген жок. Ооба, мен «тааныбайм» деп жооп бердим. Себеби, кеп, сөзгө келбеген, «ЭНЕмин» деп, бирок, бирөөнүн баласын жулмалап, ур-тепкиге алган эжекелерге башкача жооп берүүгө мүмкүн эмес болчу! Билбейм деген бир сөз, билем деген миң сөз демекчи, билбейм, тааныбайм деп оңой кутулганымды эч кандай саясатташтыруунун кажети жок! Ал эми АЯЛ кишиге теңелип, кайра жооп ирээтинде кол көтөрбөй басып кеткендигим бул, коркоктугум эмес, бул менин Кыргыз Аялдарына болгон сый — урматым деп түшүндүрөөр элем!!! Андан дагы, кечээги күнү Кыргызстандагы белгилүү эле бир телеканалдын алып баруучусунун «сиз негизи президентти тааныйсыз да?» — деген суроосу кызык болду. Менимче, азыркы учурда, Ажобуздун атын беш жаштагы бала дагы билсе керек! Же «таап кел!» — деп буйрук берген эжекелерге «Тааныбайм» деп тез кутулуу аракетинде шашыла берген жообум билими, түшүнүгү жогору адамдар үчүн дагы чындай сезилгени күлкүнү келтирет ,- деп өз түшүндүрмөсүн жазды. 

Белгилүү болгондой Эмил Кубанычбекович Жогорку Кеңештин аппаратынын маалыматтык технология бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштейт.

View this post on Instagram

Урматтуу мекендештер! Менин сиздерге кайрылуумдун себеби, соңку күндөрдөгү өлкөбүздө болуп өткөн окуя… Себеби, унчукпай коюууга, көңүл бөлбөй өз ишимди кыла берүүгө ар бириңиздердин айткан ой пикириңиздер жол берген жок. Ооба, мен "тааныбайм" деп жооп бердим. Себеби, кеп, сөзгө келбеген, "ЭНЕмин" деп, бирок, бирөөнүн баласын жулмалап, ур-тепкиге алган эжекелерге башкача жооп берүүгө мүмкүн эмес болчу! Билбейм деген бир сөз, билем деген миң сөз демекчи, билбейм, тааныбайм деп оңой кутулганымды эч кандай саясатташтыруунун кажети жок! Ал эми АЯЛ кишиге теңелип, кайра жооп ирээтинде кол көтөрбөй басып кеткендигим бул, коркоктугум эмес, бул менин Кыргыз Аялдарына болгон сый – урматым деп түшүндүрөөр элем!!! Андан дагы, кечээги күнү Кыргызстандагы белгилүү эле бир телеканалдын алып баруучусунун "сиз негизи президентти тааныйсыз да ?" – деген суроосу кызык болду 😊 Менимче, азыркы учурда, Ажобуздун атын беш жаштагы бала дагы билсе керек! Же "таап кел!" – деп буйрук берген эжекелерге "Тааныбайм" деп тез кутулуу аракетинде шашыла берген жообум билими, түшүнүгү жогору адамдар үчүн дагы Чындай сезилгени күлкүнү келтирет 😄. #ток_этээрин_айтканда

A post shared by Emil Kubanychbekovich (@emilkubanychbekovich) on

Комментарии

  1. Эн негизгиси ал эже менен айтышып же болбосо аял кишиге тенелбей кетип калганыныз туура болду жеке менин пикирим

  2. Элдин эсебинен жашаган дан кийн президент соке,премьер министр,депутатар асылбек жээнюеклвьу укпай Элдин эсебинен жашагандан кийн чыгыш керек же бакиевдин кейпин кийп каласынарбы!

  3. Ооба туура тааныйм деп кетип калганы туура. Билем деп тигил кок мээ ажаандын тытмалаганында калып кечке эзилип тургандан коро тааныбайм деп басып кеткени туура.кол которгон жок тил тийгизген жок.билбейм деген бир соз. Билем. Деген мин соз деген ата бабадан калган соз бар. Туура иш жасаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь