Ошто студенттерди мажбурлап каттоо боюнча айтып чыккан журналист суракка чакыртылды (ВИДЕО)

1 324

“Ынтымак” КРТРКсынын кабарчысы Мимоза Жанибек кызы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө бөлүмүнө суракка чакыртылды. Бул тууралуу журналист өзү Элдик медиага билдирди.

Белгилүү болгондой, ал сотко чейинки өндүрүш боюнча күбө катары суракка алынат.

Чакыруу барагында Мимоза Жанибек кызы бүгүн, 6-март күнү саат 10:00дө Ош ШИИБнын Тергөө кызматына барышы керектиги жазылган.

Чакыруу барагын алып келген кызматкердин оозеки түшүндүрмөсүнө ылайык, кабарчы Ош мамлекеттик университетиндеги студенттердин паспорту чогултулуп, массалык түрдө Ош шаарына каттоого коюлгандыгы тууралуу материалы үчүн чакырылып жатат.

Эске салсак, буга чейин “Ынтымак” КРТРКсы университетте сутденттердин паспорттору чогултулуп, массалык түрдө Ош шаарына каттоого тургузуу тууралуу айтылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь