Самара Каримова “юбка” деген сөздү туура жаза албай сынга кабылды

1 007

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын фейсбукка жазган билдирүүсү сынга кабылды.

Ырчы “Юпка кийген, ушакчы, катын чалыш эркектер бүгүнкү майрамды тим эле койгула))” деп жазган. Айрым интернет колдонуучулар “юпка” эмес “юбка” болорун оңдошуп, Каримованын сабатсыздыгын белгилешти.

Кийинчирээк Самара Каримова катасын оңдоп койду.

Эскерте кетсек, ырчы “Биримдик” партиясы менен Ош шаардык кеңешине депутаттыкка аттанууда.

Юбка кийген ( бир-эки) катын чалыш, ушакчы эркектер бүгүнкү майрамды тим эле койгула))

Опубликовано Samara Karimova Среда, 4 марта 2020 г.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь