Эркин Асрандиев жетектеген коронавируска байланыштуу республикалык штаб түзүлдү

350

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлдү.

Республикалык штабды экономикалык маселелерге жооп бере турган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектейт. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев, ошондой эле экономика министри Санжар Муканбетов штабдын төрагасынын орун басары болуп эсептелет.

Кечээ 5-мартта штабдын биринчи жыйыны болуп, анын алдындагы маанилүү милдеттер жана маселелер белгиленип, каралды. Тармактык мамлекеттик органдарга тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана ата мекендик өндүрүштү өбөлгөлөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча тапшырмалар берилди.

Эске салсак, өлкөнүн экономикалык коопсуздугу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында Өкмөткө тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүү сунушталган.

Республикалык штабдын мүчөлөрү: Финансы министри, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Тышкы иштер министри, Саламаттык сактоо министри, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы, Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору, мамлекеттик бажы кызматы, мамлекеттик салык кызматы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору, мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы, Улуттук банкынын төрагасы, жети облустун башчылары, Бишкек, Ош шаарынын мэрлери жана Президенттин, өкмөттүн Аппаратынан бөлүм башчылары.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь