#REакция митингин чагылдырууда КТРК эреже бузгандыгын комиссия аныктады

271

Жарандык активист Умай Арыкованын Коомдук телерадиокорпорацияга (КТРК) каршы арызына байланыштуу Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия чечим чыгарып, канал кесиптик этика нормаларын бузган деп тапты.

Арыкова 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн «#REакция» аттуу жарандык акцияны КТРК бир тараптуу чагылдырып, ага катышкандарды каралоо мүнөзүндө көрсөтүү даярдаганына нааразы болуп комиссияга кайрылган.

Комиссия арызды үч ай карап, Арыкованын, КТРКнын юристи Максат Төлөновдун катышуусунда жыйындарды өткөрдү.

Төлөнов арыздануучунун дооматтарына кошулбай турганын, маселе корпорация жетекчилиги менен да талкууланарын айткан.

Комиссиянын “Фейсбуктагы” баракчасына 6-мартта жарыялаган чечимине ылайык, КТРК “Ала-Тоо” маалыматтык көрсөтүүсүндөгү сюжетте Кыргызстандын Этикалык кодексинин 8 жана 10-беренелери бузулган.

Чечимде КТРКнын байкоочу кеңеши маселени карап, тийиштүү чара көрүү сунуш кылынды.

Каналдын юристи чечим менен тааныша электигин тийиштүү жоопту башкы директор айтарын билдирди.

25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында коррупцияга каршы «#REакция» жарандык акциясы өткөн. Ага саясий күчтөр, партиялар аралашкан эмес. Умай Арыкова ушул митингди чагылдырууда журналисттик этика сакталган эмес арызданган.

Комиссия вынесла решение по жалобе Умай Арыкова (Umay Arykova) на КТРК.В своем решении Комиссия: 1. признала…

Опубликовано Комиссия по жалобам на СМИ Четверг, 5 марта 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь