“Республика” партиясы күнөөсүн мойнуна алып “Замандаштан” кечирим сурады

1 255

“Республика” саясий партиясы Айжан Акылбекованын сүрөтүн Караколдо илинип турган баннерде колдонгону үчүн Акылбекованын өзүнөн жана “Замандаш” партиясынан кечирим сурады.

“Биздин аймактык фракциянын демилгеси менен сүрөттү Эл аралык аялдар күнүнө карата куттуктоо иретинде колдонушкан. Биз кетирген катабызды мойнубузга алабыз. Баннерлер бүгүн дароо алынып, мындан кийин колдонулбайт деп билдиребиз”, -деп айтылат партиянын маалыматында.

Эске салсак, “Замандаш” партиясынын катчылыгы Айжан Акылбекованын сүрөтүн анын уруксаты жок колдонгону үчүн “Республика” партиясын айыптап чыккан. Айжан Акылбекова “Замандаш” партиясынын мүчөсү болуп саналат.

Председателю партии«Республика»Жээнчороеву М. К. Уважаемый Мирлан Канатбекович, На Вашем баннере в…

Опубликовано Замандаш Саясий Партиясы Суббота, 7 марта 2020 г.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь