Бир жылдан бери туугандары издеп жаткан кыргыз жараны Россиядан өзүн-өзү өлтүрүп салган

2 108

Россияда кыргызстандык жаран өзүн өзү өлтүрүп салган, туугандары бул боюнча кабары жок болгондуктан маркумду бир жылга жакын убакыт издешкен.

2019-жылдын декабрь айынын башында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 1975-жылы туулган Ош облусунун тургуну Р.Ж. кайрылган. Ал дайынсыз жоголгон 1972-ж.т. А.А. аттуу жолдошун табышууга жардам сураган.

Арыз ээсиниин айтымында жолдошу акыркы жолу август айында байланышка чыгып, андан кийин кабарсыз болуп кеткен. Ал Москва шаарына август айында иштөөгө барган. Ошондой эле жоголуп жаткан кишинин жакындары өз алдынча издегенден майнап чыкпай койгон.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү издөө иштерин жүргүзүп, 2019-жылдын 24-октябрында Москва облусунун Домодедово шаарындагы токойдон дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денесин табышкан. Анын денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес. Соттук-медициналык экспертиза ал өз өмүрүнө кол салганын аныктаган жана андан кийин маркум жерге берилген.

2020-жылдын 5-мартта маркумдун жакындары тийиштүү документтер менен таанышып чыгышкан. Азыркы тапта каза болгон жаранды эксгумация кылуу жана сөөктү мекенине алып келүү иштери жүрүп жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь