Кармана албай кетти. Хабиб Нурмагомедов атаандашынын курун ыргыта тепти (видео)

1 378

Лас-Вегаста Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун алдыда өтө турчу беттешине карата маалымат жыйын өттү.

Иш-чара курч мүнөздө уланып, көз караштар таймашында атаандаштар бири-бирине тиш кайрап жатты. 36 жаштагы америкалык мушкер атаандашына “Сенин куруң менин курума каршы” деп айтып, 2017-жылы уткан чемпиондук курун жерге койду. Ал Нурмагомедовго үнүн бийик көтөрүп сүйлөгөндө Хабиб кармана албай кетип Фергюсондун курун ыргыта тээп жиберди.

UFC президенти Дэйна Уайт күзөтчүлөргө америкалык мушкерди кармоосун буйруду.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь