Шварценеггердин жүзү түшүрүлгөн робот. Актер бул үчүн орусиялык компанияны сотко берди (видео)

476

Белгилүү кино жылдызы Арнольд Шварценеггер өзүнүн жүзү түшүрүлгөн роботту жасаган “Promobot” россиялык компаниясын сотко берди. Актер анын келбети коммерциялык максатта колдонулгандыктан 10 миллион доллар доого жыкты.

Шварценеггердин айтымында Promobot компаниясы актердун образын жасоодо өзүнөн уруксат алган эмес.

Ал эми Promobot компаниясынын өкүлү жергиликтүү орус басылмаларына комментарий берип, Арнольда Шварценеггердин эч кандай доосу жок экенин жана анын командасынан арыз түшпөгөнүн билдирген.

“Биздин адистер Арнольддун командасына кат жөнөтүштү. Бул окуяны түшүнүү үчүн биз азыр сүйлөшүү процесиндебиз”,- дейт.

Терминатордун эгизин түзгөн робот сүйлөй алат, көздөрүн, каштарын, мойнун кыймылдатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь