Фото из Интернета

Бүгүн, 8-март күнү Бишкек шаарында “Аялдарга болгон зомбулукка каршы” жөө жүрүш болуп өтмөк.

Жөө жүрүштүн катышуучулары саат 12:00дө Жеңиш аянтындагы “Өчпөс оттун” жанынан чогулушат.

Бирок, иш-чаранын катышуучулары чогулуп жаткан маалда калпак жана бет кап кийишкен топ балдар келип аларды кубалап, колдорундагы лозунг  жазылган плакаттарды айрып салышкан.

Андан соң милиция кызматкерлери келип “коомдук тартипти бузду” деп жөө жүрүштүн катышуучуларын кармап кетишкен.

Ал эми жөө жүрүшкө барган “Кырк Чоро” уюмунун төрагасы жөө жүрүшчүлөрдү “Кырк Чоро” уюмунуну мүчөлөрү же алардын тарапташтары кубалабаганын билдирди.

Эске салсак, жөө жүрүш 2019-жылы да 8-март күнү маршка чыгып бир топ талкуу жараткан. Бул жөө жүрүштү “Бишкек шаардык феминисттер демилгечилери” уюму уюштуруп келет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 68