Бишкекте жеңил унаа эс алуу борбордун тепкичине тумшугу менен сайылды (видео)

229

Бишкекте 9-март күнү “Хундай Соната” үлгүсүндөгү автоунаа Сosmo Park соода-эс алуу борборунун кире беришин сүзүп токтогон. Белгилүү болгондой ал жолдон чыгып кетип, тосмону, отургучтарды бузуп, бакты сүзгөн.

Окуянын видеосу “Короче” телеграм-каналына жүктөлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 1993-жылы туулган айдоочу рулду башкара албай калган. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Унаа айып унаа кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь