Бишкек шаардык милициясы эртеңки митингге карата жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

283

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы эртең 10-мартта өтө турган митингге карата чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

“Анализде көрсөтүп тургандай, социалдык тармактар аркылуу Уркуя Салиеванын алдында өтө турган жыйынга карата агрессивдүү чагымчыл чакыруулар болуп жатат. Буга байланыштуу милиция жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырат” ,- деп айтылат ШИИББнин маалыматында.

Ошондой эле милиция митингдин уюштуруучуларын КР мыйзамдарын катуу сактоого, шаар тургундарынын коомдук жашоосуна тоскоолдук кылбоого чакырды.

Эртең Бишкек шаардык милициясы жарандардын коопсуздугун сактоодо функционалдык милдеттерин аткарышат.

Белгилей кетсек, эртең, 10-март күнү Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында “Зомбулукка жол жок” аталышындагы тынчтык акцтиясы өтөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь