Быйыл Бишкекте Нооруз майрамы белгиленбейт

212

Быйыл Нооруз майрамы Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында белгиленбейт. Бул тууралуу Элдик медиага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Коронавирусту алдын алуу максатында жылда өтчү майрамдык иш-чаралар бул жылы белгиленбей турганын айтты.

“Нооруз майрамын кыргызстандыктар өз үй-бүлөсү менен үйүндө майрамдашат”, -дейт Өмүрбекова.

Эске салсак, коронавируска байланыштуу Кыргызстанда массалык иш-чараларды өткөрүү убактылуу токтотулган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь