Б.Бекешов: Кыргыз эркектерин жаман атка кондуруп жаткандардын максаты – мамлекеттеги үй-бүлө дегенди жок кылуу

316

Журналист Бейшенбек Бекешов 8-мартта аялдардын укугун коргоп чыккандарды сындады. Бекешовдун пикиринде кыргызда эркектер аялды сыйлап келет, ал эми зомбулукка кабылып жатат деп көчөгө чыккандар үй-бүлө деген баалуулукту жок кылгысы келгендер деп эсептейт.

“Эгерде биз мыйзам менен жашоону кааласак, баарыбыз ага баш ийип, анын талаптарына макул болушубуз керек. Ал мыйзамга аялбы, эркекпи баары таянып, уруксат алып жашаганы жакшы. Ал эми аялдарга зомбулук кылгандарга каршы митингге чыгабыз дегендин негизи дагы, тамыры дагы жок. Ал атайын кыргызды жамандаш үчүн ойлонулуп табылып, жасалган чагымчылдардын иши. Кыргыздын аялдарын эч ким зордуктап, зомбулук кылып жаткан жери жок. Бул нерсени чанда эле бир келесоо жасабаса, кыргыздын баары эле эне сыйлап, жар жана эже-карындаштарын урматтап келе жатышат. Анан чанда эле акмак бирөө аялга зомбулук кылып койбосо, анда дагы “кыргыздын баары аялдарын кырып атат”, “аялдарын кул, күң кылып атыптыр” дедиртүүнү эңсешет. Кыргыз эркектерин жаман атка кондуруп жаткандар бул – атайын батыштан элди бузуп, жарган күчтөрдүн чагымчылдыгы. Себеби алардын бирден бир максаты мамлекеттеги үй-бүлө дегенди жок кылуу.

Аларга үй-бүлөнүн кереги жок. Алар үй-бүлө көрбөгөн, эркеги эркекке, аялы аялга баш кошкондор. Мына ошолор укук үйрөтөбүз деп келип, биздин акмагыбыздын баарын чыгарып олтурат. Ушундай нерселерди уюштуруп, өткөрүүнүн кенедей дагы зарылдыгы жок болчу. Бул нерсени атайын каржыланган уюмдар жасап жатышат. Кыргыз өзү куураган, ишенчээк эл экен. Элди пайдаланып, бирөө акчага алданып, бирөө азгырыкка алданып, “эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт” болуп, дүрбөп жатышат. Алардын оюна койсоң, Кыргыз өлкөсүндөгү кыз-кыркындын баары кордолуп жатыптыр. Чынында биздегидей аялдын укугун алдыга чыгарган өлкөлөрдү эсептеп көрүшсүнчү. Кыргыз деген аялын Кудайга шүгүр, башына көтөрүп эле жүрөт. Алар каалаганын кылып, жасап, бийликке барып жатышат. Булардын баарын аялды жылаңачтоо, аны товарга айлантуу, аял кадырын кетирип, акмак кылуу үчүн жасалып жаткан иш аракет деп билем”, – деп билдирди Бекешов.

Булак: super.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь