“Кыйын болсоңор бетиңердеги бет капты чечип келгиле, сүйлөшөлү!” Мындай билдирүүсүн ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов өзүнүн фейсбугу аркылуу видеокайрылууда айтты. Эл өкүлү 8-мартта Бишкекте өткөн «Аялдардын шериктештик маршы» тууралуу өз пикирин ортого салып, “алсыз эркек гана аялга кол көтөрөт” деп зээни кейиди.

“Качан кыргыздын эркектери башына калпак кийип, бетин бет кап менен жабып сабады эле? Мындай көрүнүш жапайычылык, сабатсыздык, алсыздык. Урматтуу жигиттер көзүңөрдү ачкыла! Жасаган ишиңер такыр туура эмес. “Жигит”, “мырза”, “эркек” деген андай болбойт. Кыргыздын жигиттери деп айтууга менин оозум барбайт”,- деген билдирүүсүн жасады Алтынбек Сулайманов.

Алсыз эркек гана аялга кол көтөрөт!!!

Опубликовано Алтынбек Сулайманов Воскресенье, 8 марта 2020 г.

Макала жактыбы?

НетДа
0
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 217