Коронавирустан чоочулаган айыл эли Таш-Дөбөдө обсервация борборун түзүүгө каршы чыгышты (ВИДЕО)

240

Таш-Дөбө (мурдагы Воронцовка) айылынын жашоочулары коронавирус чыккан өлкөдөн Кыргызстанга келген жарандарды Курортология жана калыбына келтирүү кыргыз илимий-изилдөө институтуна жаткырууга каршы чыгышты.

Бүгүн жергиликтүү эл институттун залында бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Таш-Дөбөлүктөрдүн айтымында чет өлкөдөн коронавируска шектелип келип обсервацияга жаткырылгандар жергиликтүү калкка коркунуч жаратат. Таш-Дөбө айылына гана эмес Аламүдүн районунун өйдөкү аймагында жайгашкан бир нече айыл эли үчүн кооптуу дешүүдө.

Өз кезегинде Чүй облустук администрациясынын өкүлдөрү жана ведомстволор обсервация кандай өңүттө жүргүзүлөрүн элге түшүндүрүп беришти. Бул жакка эпидемия күч алган өлкөдөн келгендер жаткырылат, эгерде бирөөнөн коронавирус аныкталса бейтапты дарылоо үчүн алып кетишет.

Институттун директору Марат Сагынбаев жамаат менен сүйлөшүп, медициналык жайды обсервацияга даярдоо керектигин айтканын белгиледи.

Институтта иштеген медициналык кызматкерлердин айтымында, дарыланып жаткан бейтаптарды 16-мартка чейин чыгаруу керектиги билдирилген.

Жашоочулар бийлик өкүлдөрүнүн аргументтерин угуп, обсервация борборун түзүүгө карманча каршы экенин билдиришти.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь