Мамэкотехинспекциясынын кызматкерлери пара алып жаткан учурда кармалды (сүрөт)

1 121

УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери пара алууга шектелген Мамэкотехинспекциясынын кызматкерлерин кармады.

6-март күнү Экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясынын Талас областындагы башкармалыгынын башкы инспектору А.К. жана инспектору З. у. С. пара алып алып жаткан учурда кармалышты. Алар жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча талап кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар Талас облустук ИИБ Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь