Ошто 8 айлык бала 30 миллиметрлик ийнени жутуп алган

420

Ошто дарыгерлер 8 айлык баланын өпкөсүнөн ийне алып чыгышты. Бул тууралуу Балдар клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Жыргал Кадыров “Кабар” агенттигине билдирген.

Анын айтымында, ооруканага келген учурда баланын дем алуусу кыйындап, ал көгөрүп турган.

“Нөөмөттөгү дарыгерлер текшерген учурда ийне баланын өпкөсүнө кирип кеткендигин тастыкташкан. Кыска убакыттын ичинде дарыгерлер балага наркоз берип бронхоскоптун жардамы менен ийнени алып чыгышкан”,- деп билдирди Кадыров.

Ал белгилегендей, азыркы убакта баланын абалы канааттандырарлык.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь