8-март күнү аялдардын тынч жүрүшүнүн күч менен токтотулушу өтө туура эмес иш болду деп эсептейт экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов.

«Аялдардын шериктештик маршындагы» жорук үчүн калаа башчысы Азиз Суракматовду айыптады.

“Жылда өтүүчү жүрүштүн эч кимге зыяны жок эле го, тим коюшса бир-эки саат жүрүп тарамак. “Аялдардын укугу сакталыш керек”, деген ураандын эмнеси жаман? Жыйынтыганда укугун коргоп жүрүшкө чыккан аялдарга бийлик уюштурган эркектер кол салышты, милиция аялдарды сүйрөп барып камашты. Маалымат айдыңында укук коргоо органдарынын жоругу өтө начар маанай жаратты. Бүгүнкү жорук, Суракматовдун кезектеги чоң катасы болду. Мындай апендиликтин кесепетинен улам коомдогу терс маанай акырындап чогулуп жатат. Аны арзыматтар ылдамдатып жатат. Өтө өкүнүчтүү!” ,- деп жазат мурдагы эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 135