8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтындагы митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлүп, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Тартип бузуу жөнүндө кодекстин «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренесинин негизинде ушундай чара көрүлдү.

Милиция «Феминалле» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилөөдө.

Митингди уруксатсыз уюштурган 6 жаранга:

  • К. А. 1997- жылы туулган;
  • А. М. 1998-жылы туулган;;
  • А. Г., 1984-жылы туулган;;
  • К. А., 1986-жылы туулган;;
  • Т. Г., 1973-жылы туулган;;
  • С. М., 1982-жылы туулган;;

Мындан тышкары коомдук тартипти бузууга катышкан 5 жаран:

  • К. З., 1979-жылы туулган;;
  • Ш. Э., 1999-жылы туулган;;
  • А. М., 1998-жылы туулган;;
  • К. Б., 1993-жылы туулган;;
  • Д. К., 1963-жылы туулган.

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 42